Элдин акысын жеген Ташовду күч органдары Түркиядан кармап келишеби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“KG Групп” курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовдун артынан көптөгөн арыздар түшүп, бир топ жылдан бери ызы-чуу болуп келаткан. Элдин акчасына үйлөрдү салып, бирок толук кандуу бүтүрбөстөн алдамчылык кылганы боюнча… Убагында Мелис Турганбаевди “крыша” кылып алып, эч кимди тоготпой жүрчү. Жаңы бийлик келгени Ташов таяныч таба албай, бир жагынан даттангандар арбып, айласы куруп, качып кеткени ошол да. Элдин акысын жеген адам акыры жазасын алса керек. Мамлекеттин укуругу узун, эгерде күч органдары чындап киришсе, Түркиядан кармап келүү кеп бекен?

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg