Эл аралык террористтик уюмдун активдүү жактоочусу кармалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 

 

         2023-жылдын 27-мартында КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан ЭТУнун активдүү жактоочусу, 1995-жылы туулган, Жалал-Абад шаарынын тургуну А.К. кармалды. Ал мурда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин атайын бөлүмдөрүндө кызмат өтөгөн.

Кармалган А.К. 2022-жылдын аягында Кыргыз Республикасынан чыгып кеткен, ал ЭТУнун тарабында куралдуу кагылышууларга катышуу үчүн Сирия Араб Республикасына өтүп кетүүгө аракет кылган.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 37-256-беренесинин 2-бөлүмү (“Кылмыш жасоого аракеттенүү” — “Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилип, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg