Экс-судья Мамытов коррупциялык байланыштарын пайдаланып, жазадан кутулуп кеткени жатат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун өндүрүшүндө мурдагы судья Э.Н.Мамытовго жана нотариус А.Э.Кожомкуловага (нотариустун күйөөсү азыркы Ысык-Ата районунун судьясы А.Т.Курманов) карата ири алдамчылык фактысы боюнча 2017-жылдын 15-февралында козголгон №51-17-41 кылмыш иши 2019-жылдын декабрь айынан бери жүрүп жатат. Биз, бул кылмыш иши боюнча жабырлануучулар, Кыргызстандын жараны Р.М.Абдурасулов, Россиянын жараны В.Н.Курыленко жана Казакстандын жарана Е.Н.Архаров Бишкек шаарынын Свердлов районунун сотторунун ишине абдан нааразыбыз.

Кылмыш иши Свердлов райондук сотуна келип түшкөн күндөн тартып, б.а. 2019-жылдын декабрынан 2022-жылдын май айына чейин бул ишти ушул райондук соттун 7 судьясы караган, анын ичинде: судья Чотонов, судья Кадыркулова, судья Касымбеков карап, иш кайрадан судья Чотоновго, андан кийин судья Саткынбаевге өткөрүлүп, андан кийин судья Мамбетовго өткөрүлүп берилген, ал эми 2022-жылдын май айынан тартып судья А.М.Эшалиевге беришти. Эми 8-жана 9-судьяга берилбейт деп эч ким айта албайт!

Айыпталуучу экс-судья Э.Н.Мамытов 2021-жылдын 28-октябрынан бери СИЗО-1де камакта эле. Бирок, быйыл 8-июнда шаардык соттун төрагасы А.Ж.Момуналиев төрагалык кылып, курамына судьялар А.Э.Кубатов менен Х.К.Кожомбердиев кирген шаардык сот жабырлануучуларга билдирбестен, башкача айтканда, аларды чакырбай, эл айткандай, тымызын чечим чыгарып, Э.Н.Мамытовго карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы үй камагына чыгаруу менен алмаштырылды! Ооба, бул коррупция, судья А.Момуналиевдин кызыкчылыгы! Эгер андай болбосо, анда эмне үчүн баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин карап жатканда жабырлануучулар сот отурумуна чакырылган эмес, эмне үчүн алар болгон окуяны кийин гана билип калышты? Үстүбүздөгү жылдын 21-июнунда сот отурумуна келген жабырлануучулар ири алдамчылык боюнча айыпталган адамдын эркиндикте жүргөнүн көрүп, аябай таң калышты.

Айыпталуучу экс-судья Мамытов судьялар А.Ж.Момуналиевди, А.Э.Кубатовду жана Н.К.Кожомбердиевди кантип “дубалап”, аларды эмне менен кызыктырды экен? Эмне үчүн бул судьялар мыйзамга каршы иш кылышты?

Бул жагдай сот системасынын кандай кейиштүү абалда экенине таасын баа берип тургансыйт. Белгилүү болгондой, мыйзамда кылмыш иштерин кароонун мөөнөттөрү белгиленген, бирок, эмнегедир райондук соттун 7 судьясы бул кылмыш ишин 3 жылга жакын убакыттан бери карап бүтө албай келатышат?!

Соттолуп жаткандар кимдер? 2010-жылга чейин Аламүдүн райондук сотунун төрагасы болуп иштеген мурдагы судья Э.Н.Мамытов, азыркы Ысык-Ата райондук сотунун судьясы А.Т.Курмановдун жубайы, нотариус А.Э.Кожомкулова. Эмне үчүн иш 3 жыл бою, 7 сот тарабынан каралганынын себеби ушунда болуп жүрбөсүн? Анан калса, жабырлануучулар бирөөсүн эсепке албаганда, Россия менен Казакстандын жарандары!

КР УКМКнын башкы тергөө башкармалыгынын айыптоо корутундусуна ылайык, Мамытов 359-берененин 1-бөлүгүндө (алдамчылык, б.а. бирөөнүн мүлкүнө ээлик кылуу) жана 204-берененин 3-бөлүгүндө (расмий документти жасалмалоо, б.а. расмий документке атайылып жалган маалыматты киргизүү) каралган кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө.

Мамытов алдамчылык жана жасалмалоо жолу менен бизге келтирген зыяндын суммасы 120 миллион сомдон ашат. Мамытовдун күнөөсү КР УКМКнын Мамлекеттик тергөө башкармалыгы тарабынан толугу менен далилденген!

Биз, Кыргызстандын, Россиянын жана Казакстандын жабыр тарткан жарандары, албетте, кылмыш иши Свердлов райондук сотунун судьялары тарабынан гана эмес, айыпталып жаткан экс-судья Э.Н.Мамытовдун коррупциялык байланыштары тарабынан да атайылап бюрократиялык жол менен создуктурулуп жатканын көрүп турабыз. Албетте, бул иште Ысык-Ата райондук сотунун судьясы А.Т.Курманов чоң роль ойноп жатканы шексиз. Аялын сакташ керек да!

Свердлов райондук сотунун судьялары, айыпталуучу Мамытов жана анын жактоочусу Котик колдонгон создуктуруунун ар кандай формаларын жана түрлөрүн биз көп эле жолу байкадык.

Эмнегедир биз, жабырлануучу тарап, ушул жылдар аралыгында бир да жолу ооруп, адвокатсыз калган жокпуз! Бир сөз менен айтканда, биздин күнөөбүздөн сот процесстери эч качан жылдырылып, кийинкиге калтырылган эмес! Ал эми соттордун жана айыпталуучулардын күнөөсү менен соттук отурумдар ондогон жолу жылдырылды. Белгиленген күнү сот отурумдарына Россиядан жана Казакстандан ак ниеттүүлүк менен учуп келебиз, кымбат убактыбызды коротобуз, учакка жана билеттерге, жатаканага жана тамак-ашка эбегейсиз акча короттук. Ал эми Свердлов райондук сотунун судьялары айыпталуучулардын “арыгын чаап”, сот отурумдарын канча жолу үзгүлтүккө учуратышты!

Ушул жылдары Россиянын жараны В.Н.Куриленко менен Казакстандын жараны Е.Н.Архаров сотко үзбөй келип турушту. Бул иште айыпталуучу Мамытов мурдагы судья катары, Курманов азыр иштеп жаткан судья катары абийирсиз сот, прокурорлор менен тил табышып, инвесторлордун, б.а. биздин, Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын жарандарынын мүлкүн тартып алууга аракет кылып жаткандары көрүнүп эле турат.

Кылмыш иши козголгон күндөн, 2017-жылдын 15-февралынан бери 5 жыл өттү, кээ бир күбөлөр башка мамлекеттерге көчүп кетишти, кээ бирлеринин атүгүл көзү өтүп кетти. Айыпталып жаткан экс-судья Мамытов коррупциялык байланыштарын пайдаланып, эскирүү мөөнөтү бүткөндөн кийин кылмыш жоопкерчилигинен жана жазадан кутулуп кеткиси келип жатканы көптөн бери эле белгилүү.

Президентибиз Жапаров Садыр Нуркожоевич сүйлөгөн сөздөрүндө сот тутумунун кызматкерлерине өзүңөрдүн кызматтык милдеттериңерди ак ниет, кынтыксыз аткаргыла деп талбай айтып келатат. Бирок, бул сөздөрдүн А.Ж.Момуналиевге тиешеси жок окшойт…

Аргумент.kg