Экс-депутат Орозайым Нарматова: «Камасаңар баарыбызды камагыла!»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Камасаңар баарыбызды камагыла!». Бул тууралуу экс-депутат Орозайым Нарматова соцтармактагы баракчасында жарыялады.

«Кечээ Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет түзгөнбүз. Ошол комитетке киргендердин үйүндө тинтүү жасап, бийликти басып алууга аракет кылып жатат дешип, 48 саатка камап коюшту. Кемпир-Абад үчүн керт башыбызды байлап, бирге болобуз. Эгер камагыңар келсе, баарыбызды камагыла», — деди экс-депутат.

Аргумент.kg