Экинчи күйөөмө жолуктурган, биринчи күйөөмө рахмат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Кудайдын куттуу күнү ата-энеме асылышат» Орозо айт. 10 жылдан бери көрө элек жеңем келди. Чай үстүндө отуруп, кыз издеп жүргөн иниси тууралуу кеп козгоду. Анчейин деле маани берген эмесмин. Көп өтпөй мага куда түшүп келишти. Дасторкон жайып жакшылап коноктоп узаттык. Жеңемдин айтымында баары сонун болуптур, бир гана атам жакпаптыр. Күйөөм, «ошол кызды алам»,- деп болбой мага үйлөндү. Ошентип чоочун үйгө келин болуп кирип бардым. Босогону аттарым менен кайын энем «атаң жаккан жок» деди. Атамды бери кой, бассам-турсам көздөрү менде, кылган ишимден кынтык таап, ачуу сөздөрдү айтышат. Ата-энеме берген бир да убадасын аткарышкан жок: той жок, калың жок, контрагым төлөнө элек. Үйүмдөн алып кеткенге чейин ата-энеме «өз кызыбыздай көрөбүз» дешкен. Ошондо, «кулубуз» дегендин ордуна, «кызыбыз» деп айтып алышкан окшойт. Кудайдын куттуу күнү ата-энеме асылышат. Жарылдым. Сөз кайтара баштадым. Кеттим. Эс алып калдым. Күйөөм кетишимди гана күтүп турган окшойт, дүркүрөгөн той берип дароо башка бирөөгө үйлөндү. Бактылуу болгула! Тырышып жүрүп окуумду аяктадым. «Ушинтип жалгыз жүрө бересиңби?»,-деп курбум ой-боюма койбой бир жигит менен тааныштырды. Эркектен көңүлүм калган жаным, ага анчейин деле көңүл бурбадым. Бирок, ал жигит өтө жакшы адам экен. Көзүмдүн кареги менен тең айланып, мени сүйөөрүн далилдеди. Турмуш курдук. Балалуу болдук. Тынбай эмгектенип, өз күчүбүз менен бутубузга турдук. Азыр бир эмес, эки үйүбүз бар. Бара-бара бул күйөөмдүн да сүйүүсү өчөт деп коркчумун. Жаңылыпмын. Күн сайын мени мурункудан дагы катуу сүйөөрүн айтат. Алтыным десе, ар дайым мага кам көрөт. Мына, жакында эле «дагы бир ЖОЖго окуйсуң», — деп таң калтырды. Бактылуумун, бирок мактанайын деген оюм жок. Жөн гана силерге бир нерсени айткым келди. Энесинин сөзүнөн чыга албаган эркек оңолбойт экен. Мындай эркектерден дароо качкыла! 30дан ашып калса да апасынын сөзүн чыкпаган күйөөмдөн убагында кетип калганыма сүйүнөм. Аялдар коркпогула! Буйруса бактыңар алдыда күтүп турат. Мен сыяктуу ар бириңер бактылуу болууга татыктуусуңар! Баркымды билбеген, коргой албаган, апасына салып берген биринчи күйөөмө рахмат айткым  келет. Сенден кетпесем бул бактылуу күндөрдү көрбөйт элем. http://bilesinbi.kg

Аргумент.kg