Экинчи күйөөм ойдогудай чыкпай, биринчи турмушумду сагынып, көзүмөн жаш сызылат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кээде адам өз жашоосуна мүшкүл чакырып, бейиш жашоосун тозокко айлантат экен. Мен азыркы убакта экинчи турмуштамын, биринчи күйөөм менен алыста көп иштегендигинин айынан ажырашып кеткем. Ал урбайт, сокпойт, ичпейт, чекчү да эмес. Дайыма менин оюмду колдочу, бирок үйлөнгөн күнүбүздөн баштап алыска иштеп кетти. Азыраак убакытка келет, кайра кетет. Бул жашоодон да тажадым. Экинчим мени башында арбап, алдады, мага чейин үч жолу үйлөнүптүр. Мени бактылуу кылуу үчүн толгон-токой убадаларды айтты. Бирок турмушка чыккандан кийин дароо өзгөрдү. Мени алдап, мурунку аялына кетип калып атты. Экөөнүн бирге түшкөн сүрөттөрүн көрүп, ар түнү сыздап ыйлап жүрдүм, же кетип да кала албадым. Анткени үйдөгүлөр каршы болгонуна карабай тийип алгам. Биринчи күйөөмдөн талагымды албай туруп, таарынып кеткениме үч ай болгондо эле экинчи күйөөм менен таанышып калып, кете бергем.

Экинчи күйөөм кол да көтөрдү. Далай ирет оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, тилдейт. Азыр андан бир кызым бар. Ата-энемдин каршы болгонуна карабай экинчи күйөөмдү ээрчип кеткеним үчүн андан кете албай келем. Бейпил, тың, ортобузда сый-урмат бар биринчи жашоомду эстеп, азыр көзүмдөн жаш сызылат…

Гүлай 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg