Эки жүздүү алдамчыдан кош бойлуу болуп, аборт жасаттым

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кеч күздүн жамгырына чыланып кетип бараттым. Боздоп. Анын акылдуусунган, ыймандуусунган сөздөрү кайда? Артымдан чуркап, “сүйөм” деген жалбаруусучу? Адамдар неге мындай эки жүздүү, алдамчы, жүзүкара?… Суроо артынан суроо.

Түйүлдүк, сен жаралбай жатып жайран болосуң. Мен ошого муктажмын. Жашоодо өзүмдүн, ата-энемдин канча дос душмандары бар, бирок ага карамак эмесмин. Сени жарык дүйнөгө алып келмекмин. Бирок сенин атаңдай эки жүздүү алдамчыдан кош бойлуу болдум. “Аны жарык дүйнөгө алып келе албайм” деп өзүм менен өзүм сүйлөшүп жаттым.

Аборт жасаттым. Баягы бактылуу кыздын таалайы талкаланды. Дароо башка адамга айландым. Кубуларым кээде “Бакытты көрдүк. Тиги жерде, бул кафеде жүрөт” деп калышат. Мага окшоп алданган байкуш кыздарга жүрөгүм ооруйт. Ошол күндөн адамдарды, өзгөчө эркектерди жек көргөн жанмын.

Бир нерсени түшүндүм. Ишенчээктик адамдын алсыз сезими экен. Сенин ишенчээктигиңди байкагандар дароо ал сезимиңди тебелеп-тепсеп пайдаланышат тура. Ошондуктан курбуларым, сиңдилерим, ишенчээк болбогула. Эч кимге ишенбегиле. Өз көлөкөңөр да алдап кетиши мүмкүн. Күчтүү болгула. Баардык кыйынчылыкты жеңе билгиле, мага окшоп алданбагыла!

Айсулуу  «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg