Эки жигиттин ортосунда чайналдым, а той күнүн белгилеп коюшту…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жашым 20да, бир айдан кийин тоюм болот. Үйдөгүлөр шашып эле мааракенин датасын коюп койду. “Жакшы бала экен” деп шашып кетишти… Баары кокустан эле болуп, ата-энелерибиз жолугуп той күнүн белгилешти. Бала түзүк, мамилебиз жакшы, бирок көңүлүм эч тартпай жатат. Ар түрдүү ойлор келип, жүрөгүм тынчсызданып, кыйналчу болду. Ал баланы “сүйөм” деп айта албайм, бирок көңүлүм бар. Мурун мен бир бала менен төрт жыл сүйлөшкөн болчумун. Бирок, тилекке каршы, былтыртан бери кээ бир себептерге байланыштуу кыз-жигит болбой калдык. Бири-бирибизди сыйлайбыз, мамилелерибиз жакшы, сырдашабыз, жашоомдо кандай кыйынчылык күн болсо, бүт нерсемди ошол балага айтам, ал дайым мени колдоп, жакшы кеңештерин берет. Төрт жыл сүйлөшкөнүбүз менен бир да жолу көрүшкөн эмеспиз, аралыгыбыз алыс болчу. Мен жакка келейин десе жумушу оор. Үч айдан бери мамиле кылбай калдык эле,  бүгүн чалып калды. Жашоомду ошол бала менен элестетсем, жүрөгүм тынч болуп, эч нерседен кыжалат болбойм. Же тойго чейин ушундай толкундануулар боло береби? Тойду эрте белгилеп туура эмес кылып койдукпу? Бирок тойду токтотуп, ата-энемди нааразы кылыштан корком. Же көзүмдү жумуп, жүрөгүмдү уксамбы? Түшүнүксүз абалда турам. Арты бактылуу күндөрдү эле тартууласа болду…

Мунара 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg