Эки күйөөм тең кудайдан жөө качкан бекерпоздор болуп чыгышты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Негизи адамдар «биринчиси болбосо экинчисинен» дейт го. Бирок бул сөз тескери айтылгандай. Багым ачылбады. Күйөөдөн жок, же баладан жок болуп, жапжалгызмын. Эки турмушумдан тең көрбөгөндү көрдүм, укпаганды уктум. Же балалуу боло албадым. Эки күйөөм тең Кудайдан жөө качкан бекерпоздор болуп чыгышты. Же менин иштегениме ыраазы болуп, жайыма коюшпады. Кандай аялзаты бактылуу болуп, жубайын сыйлаган, иштерман жигиттерди жолуктурат? Тагдыр менен ойноп болбойт экен. Мындан беш жыл мурун эле бул күндөрүмдү бактылуу элестетчүмүн. Эми экөөнүн жүрөккө салган тактарын унутууга аракеттенип, жашоомо жакшы пландарды коюп, өзүмдү өнүктүрүүгө жол издей баштадым. Ылайым бактылуу күндөр алдыда болсун. Анара «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg