Эки достун мамилеси сууп баратабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Өлкөнүн коомчулугунда президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин достук мамилелери сууп салкындап баштаганы арбын айтыла баштады. Экөө майрамдык иш чараларда да чогу болуп элге көрүнгөн жок. Айрым билермандар экөөнүн ортосунда бийлик талашуу катуулап кетти дегенге чейин барууда. Бийликтин чокусунда жүргөндөр үчүн эч качан достук деген мамиле болбойт. Болгону кызыкчылыктар бар деп айтылат. Өлкөдө эң жогорку бийлик бирөө гана. Ал президенттик бийлик. Ага эки адам батпайт. Айрым себепчилер экөөнүн ортосунда треш жүрүп, достук мамилеси ыдырап кетсе өлкөнүң өсүп өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Ошондуктан баардык маселени акылдашып, кеңешип чечүү керек дегенди айтышууда. Эки достун мамилеси бузулса бийлик сересинде күтүүсүз окуялар болуп кетиши толук мүмкүн.

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg