Эки балам тең мени эмес, кыз жандуу атасын тандап кетишти

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

25 жашымда бир адам менен таанышып калдым. Ал мага абдан камкор эле. Көзүмдү карап, эркелетип жүрүп жүрөгүмдү багындырып алды. Өзүм атасыз өскөнгөбү, мындай мамилесинен улам аз убакыттын ичинде эле аны сүйүп калдым. Аялы каза болуп калганын, эки уулу бар экенин ошондо гана билдим. Бирок ал мага көйгөй эмес эле. Апам, таежемдер жакшы эле чырылдашты. Аларды укпай тийип алдым. 6 жана 4 жаштагы балдары өзүнүн апасынын колунда экен, баш кошконубуздан кийин дароо эле колубузга алдык. Балдары абдан эрке, тентек экен, биринчи күндөн эле кыйынчылыктар башталды. Мени тоготуп да коюшпайт, өз билгендерин кылышат. Күйөөм эртең менен жумушка кеткен бойдон кеч келет. Түйшүктүн баарын мен тартам. Тамакты да жөн жешпейт, ары түртүп башкасын талап кылышат. Кийимдерин болсо бир заматта ботала кылып жетип келишет. Күндө колго кир жуумай. Эртең менен тургузуш азаптын тозогу. Бирин мектепке, экинчисин бакчага жеткирип, өзүм жумушка кетем. Кечинде кайра алардын түйшүгүн тартмай…

Азыр ойлоп отуруп, “эмне анчалык жаныма күч келди экен?” дейм. Эгер аягы азыркыдай бүтөрүн билсем, деги эле буларга жолобойт элем го. Өзүмдүн болсо төрөтүм кечиге берди. Ансайын балдарды боорума тартууга аракет кылдым. “Апалап” эле турушса, экөө мага бала болот” деп ойлогом. Ошон үчүн өзүмдүн төрөбөгөнүм көп ойлондурчу эмес. Күйөөмдүн кыз жандуулугунан улам баштагы сүйүүлөр өчүп, балдар бой жетип калган кезде ажырашып кеттик. Мени абдан капалантканы, эки балам тең мени эмес, атасын тандап кетишти. Бир да жолу өгөйлүгүмдү билдирген жок элем, алардан да ушундай мамиле күткөм. Тилекке каршы, андай болгон жок.

Учурда экөө тең программист болуп иштеп, жакшы акча табышат. Бүгүнкү ийгиликтерине менин деле чоң салымым бар деп эсептейм. Түн бир убакка чейин сабактарын жаздырып, көзөмөлдөп, тарбия бербегенимде, балким мындай балдар чыкпайт беле?.. Бирок эмгегимди атасы да, өздөрү да билгилери келишпейт. Беш айдан бери бир жолу телефон чалып койгонго да жарашкан жок. Кайран гана жаштыгым… Талаага кеткен мээнетим… Ушуларга ишенбей, убагында ден соолугума жакшы көңүл буруп, өзүм төрөп алсам, азыр минтип жалгыз калбайт элем…

Нуриза 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg