
Екатеринбург шаарында изделип жаткан кыргызстандык өспүрүм табылды
24-чын куран, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЕкатеринбург шаарында изделип жаткан кыргызстандык өспүрүм табылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда өспүрүм ата-энеси менен үйүндө.
«Баланын жакындары, Кыргызстандын Башкы консулдугу милиция кызматкерлерине, ыктыярчыларга жана жашы жете элек кыргызстандыкты издөөгө катышкан баардык жарандарга ыраазычылык билдирет», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, КР ТИМи кечээ, 23-апрелде Екатеринбуг шаарында 21-апрелде мектепке чыгып кетип, кайра үйүнө кайтып келбеген кыргызстандык өспүрүм изделип жатканын билдирген.