Эгиз балдарымдын жүрөгү сокпой калды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Биз баш кошкондон кийин көпкө балалуу боло албай  жүрдүк. Бир күнү кош бойлуулуктун белгилери билинди. Кубанычымда чек жок болду. Дарыгер да аныктамасын берди. Эгиз балалуу болорумду билдим. Бул мезгилдердеги, бул күндөрдөгү бактылуу ирмемдер ай! Бакыт мага болушунча башкача камкор болуп жүрдү.

Бир күнү ичим бурап, катуу ооруп баштады. Түйүлдүктөрүмө жаңы гана тогуз жума болгон. Ооруканага шашылыш бардык. Бирок эгиздеримдин жүрөгү сокпой калыптыр. Боюмдан алдырттым. Мен үчүн оор жоготуу болду. Палатада жаздыгым жашка чыланып жатты. Мен жоготтум, эгиздеримди да, Бакытымды да жоготтум деп көз жашым сызылып жатты. Ооруканадан чыккандан кийин депрессияга тушуктум. Көпкө өзүмө келе албай кыйналып жүрдүм. Бирок Бакыт мага мурдагыдан да камкор болуп, кыйын учурда жөлөк болду. Оор күндөр артта калды. Кайрадан ымыркай жыттаганга саналуу күндөр калып, курсагымды сылап, жашоомо да, Бакытыма да ыраазы болуп отурам. Бир аз кыйынчылык кезиксе эле жубайларын таштап кеткен жигиттерге айткым келет: кичине гана сабырдуу жана камкор болсоңор, жубайыңар силер үчүн жарык дүйнөдөгү баардык жакшы нерселерди тартуулайт.

Аргумент.kg