Эгер президент Теңгиз Бөлтүрүктү кечирсе, анын кылмыштуу иштерине ортоктош экен деген шек жаралат?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Эгер президент Теңгиз Бөлтүрүктү кечирсе, анын кылмыштуу иштерине ортоктош тура деген шектенүү жаралат… Теңгиз Бөлтүрүк дегенде бет да, абийир да караманча жок экен. Бул адам кылган кылмышына өкүнүп, президент Садыр Жапаровдон кечирим сурап жаткан жок. Кызылдай эле милдет кылып, «ичип-жеп, тоноп туруп Канадага тынч эле кете берейин», — деп догурунгандай.

Бөлтүрүк дагы да болсо өзүн кол тийгис ыйык сезеби? Же жеткен түшүнүгү ушубу? Балким, бул бийлик менен макулдашкан атайын сценарий болуп жүрбөсүн? Болбосо, өлкөнү тоноп туруп, мен эми тынч эле кете берейин деген кайсы мыйзамга, акылга сыят? Миллираддарды уурдап ,өлкөнү карызга батырып, тынч кетип калгыдай Кудайдын эркеси беле?

Өлкөгө ким зыян келтирген болсо, зыяндын ордун толуктап, мыйзам боюнча сөзсүз жазага тартылыш керек. Демек, Теңгиз Бөлтүрүк кылмыш жоопкерчилигине тартылып, абакта отурууга тийиш. Эгер, президент кечирдим кылып акырын Канадага узатып жибере турган болсо, Бөлтүрүктүн былыктуу коррупциялык иштерине ортоктош болот?

Аргумент.kg