«Эч кандай зордуктоо болгон эмес». Бишкекте кызды зордуктады деген жигит ошол түндү айтып берди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкекте кыз зордуктоого кабылганын билдирген. Окуя боюнча коомчулукка анын курбусу айтып чыгып, милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнү эркиндикке чыгарып, акча үчүн ишти жаап салууга аракет кылып жатышканын билдирген. Окуя боюнча Ленин РИИБ маалымат берип, факты катталганын, жабырлануучуга тиешелүү экспертиза дайындалганын билдирген. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында күбө катары 2003-жылы туулган жаран суралган.

Кылмышка шектелип жаткан жигит видео кайрылуу жасады. Анын айтымында, ага жалган жалаа жабылып жатат. «20-октябрь саат 03:00дө байкем клубга чакырган. Ал ошол күнү башка өлкөгө кетмек. Ал клубдан чыгып, дагы бир клубга бардык. Биздин артыбыздагы столдо кыз эки курбусу менен отурган. Клуб 6да жабылат. 5:40 чамасында бийге чыгып, чогуу бийлегенбиз. Ошол жактан тааныштык. Клуб жабылып эшикке чыктык. 1992-жылы туулган эжеси «Биз жакын жерде эле жашайбыз. Номерлер менен алмашып алгыла. Андан ары дагы бир жакка баралы» деди. Мен макул болдум. Артыбыздан кыздар такси менен биздин үйгө келишти. Ичип отурдук. Анан ал кыз менен сүйлөшүп, аркы бөлмөгө бардык. Экөөбүз ошол бөлмөдө болдук. Ал жерде эч кандай зордуктоо болгон эмес. Күндүз эле болгон. Мен аны урган да эмесмин. Чыксак эле тиги кыздар кетип жатышыптыр. Алар урушуп кетишкен окшойт. Мен үйгө кирдим. Милиция келди. Кызматкерлер унаага салып кетишти», — деди ал.

Аргумент.kg