Дүйнөдөгү эң бай адамдын ийгилик сыры…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Өз атаандаштырыңызды изилдеңиз. Билл Гейтстин ар бир жумуш күнү атаандаш компаниялардын веб-ресурстарын карап чыгуудан башталган.
Чечим кабыл алууда тайманбас болуңуз. Эң алгач жагымсыз жаңылыктарды, андан кийин гана жакшы жаңылыктарды билүүгө тырышыңыз. Гейтс жакшы менеджердин эң башкы касиети жагымсыз жаңылыктарды салкын кабыл ала билүү дейт. Себеби ушундай кылган да гана ар бир маселе ылдам жана оңунан чечилет.

Келечек-интернетте.
 Ошого көп маани бериңиз. Гейтс дүйнөдө эки түрдүү компаниялар гана калаар күнү алыс эмес дейт. Бири – интернеттегилер, экинчиси – өз кесибин аяктагандар.
Жетиштикке анча маани бербеңиз. Ал алдамчы. Белгилүү бир максатка кол жеткизгенден кийин жаңы белестерди багындырууга киришиңиз. Кол кууштуруп отура бербеңиз. Атаандаштарыңыздын аракет үстүндө экенин эстен чыгарбаңыз.
Команданы өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзүңүз. Жетекчилер кол астындагы кызматкерлер үчүн шарттарды түзүү керек.
Бүгүн жасоого болгон ишти эртеңкиге калтырбаңыз. Гейтс: «Эгер жумушта бир нерсе көңүлүңүздөн чыкпаса, өз ишиңизди ачыңыз. Мен бизнесимди гаражда баштадым. Убакытты жалаң гана өзүңүзгө кызыктуу ишке жумшаңыз»-дейт.
Өзүңүздүң чөйрөңүздү өзгөртүңүз. Дүйнө Билл Гейтсти жөндөн-жөн креативдүү адам катары санабайт. Ал жылына бир нече жолу көнгөн чөйрөсүнөн алыстап, санааны сергитүү керек деп эсептейт. Ошондо гана маселелер менен милдеттердин чечими табылат.
Өз чечимиңиздин тууралыгына күмөндөнбөңүз. Өз иш-аракетиңизге сын көз караш менен караңыз. Өз-өзүңүзгө сырттан баа бериңиз жана шашылып чечим кабыл албаңыз. Жаңы технологияларды пайдаланып, инновацияларды тандаңыз.
Элдин артынан эрчибеңиз. Алар туура багытта жүрбөшү мүмкүн. Ар дайым өзүңүздүн өнүгүү жолуңузду таңдаңыз.

Булак: zaman.kg

Аргумент.kg