Досторум мени аялымдан кызганып, аны бирөө менен жүрөт дешиптир

Досторум мени аялымдан кызганып, аны бирөө менен жүрөт дешиптир

16-бештин айы, 2022-ж // Коом // Айпери Осмоналиева
Мен үйлөнгөндөн кийин аябай өзгөрүп кеттим. Башкага гана эмес, өзүмө дагы даана байкалып жатты. Үйгө шашам, көчөлөп жүрбөйм, тапканымды чогултам. Жумуш бүтсө эле, келинчегиме
шашам. Аны менен чай ичип отургум келет. Бирок, досторума бул жакпады.
«Сен таканын алдына кирип баратасың» дешти. Унчукпадым. «Досубузду жоготтук» дешти. Унчукпадым. «Башкарылып калгансың го» дешти. Унчукпадым. «Аяшканы бирөө менен көрдү» дешти. Ыя?
Мен туура эмес чөйрөдө жүрүпмүн. Аттиң, мунун кеч билдим.
Досторумдун алдында кыйын көрүнүш үчүн, аялым чалса бакырып сүйлөчүмүн. Акыркы убактарда чалбай калды. Качан чалат деп күтчү болдум. Чалбай калгандан бери, өзүмдү бирөөгө керексиздей сезе баштадым.
— Ким менен жүрөсүң?
— Түшүнбөдүм.
— Досторум сени бирөө менен колтукташып кетип баратат дешти.
— Мен тажадым. Сен аябай өзгөрүлүп кеттиң. Эми ошого ишендиңби?
— Ким эле ал?
— Мен күнөөсүз болуп туруп актанбайм.
Басып кетти. Маанайы жок. Жайнаган көздөрү жок.
Досторум чалды. Мен жолугушууга кетип калдым.
— Иий, келет экенсиңго!
— Аялым точно бирөө менен кетип баратты беле?
— Жок ай, тамаша болчу. Антпесек, үйдөн чыкпайт элең. Аяшка менен уруштуңбу?
Каткырып жатышты. Мен туура эмес чөйрөдө жүрүпмүн. Ыйык болгон үй-бүлөмдү бузууга даяр болгондор, менин досторум эмес. Жөн гана чыгып кеттим.
Үйгө келдим. Эшикти тыкылдаттым. Аялым ачты.
— Кире берейинби?
Жалдырап карап турдум. Күлүп жиберди. Кучактадым. «Кечир, сага гана ишенем» деп кулагына шыбырадым. Чай ичкени жөнөдүк. Аз жерден уямды бузуп ала таштадым.