Дөөлөт Сыдыковдун кетүүсү алдын ала пландаштырылгандыгына далилдер бар

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун өлкөдөн чыгып кетүүсүнүн себептерин социалдык тармактарда ар нерсе деп жооругандар болду. Ал кайсы бир өлкөдөн туруп алып телефон аркылуу президент тарабынан кысымга алынгандыгын кабарлады. Ага жооп кылып президент фейсбук баракчасына жазды жана журналисттердин суроолоруна жооп берди.
«Администрациянын жерине Манас айылынын 4-5 сотых жери кошулуп кетиптир. Бирок Манас айылынын түндүк тарабы 7-8 гектарга чоңоюп жатпайбы?! Мен Дөөлөт Сыдыковду сунушталган долбоор боюнча үч жолу чакырттым. Келбей койду. Анан бир кейкейген киши үчүн иш токтоп калмак беле. Иш башталды», деп жооп берди журналисттердин суроосуна президент.
Социалдык тармакта Баяна Кулова деген журналист төмөндөгүдөй маалыматтарды ачыктады:
Бүт өлкөнүн кутун бир кишиге байлабагылачы. Кетсе кетиптир. Бара турган өлкө алар үчүн шарашкина контора эмес да. Ага атайын даярдык керек. Бул жерде алардын чет өлкөгө кетүүгө көптөн бери камынып жүргөндүгү көрүнүп эле турбайбы?! Анын үстүнө манасчы Дөөлөт Сыдыковдун аялы Ырыс Океновага кара Свердлов райондук сотунда үч кылмыш иши козголуптур акча үчүн. ИИМ сводкасын бердим. Иш башталса документтерди алууга аракет кылам.

Атыргүл Эркекова

Аргумент.kg