Дөөлөт Сыдыков менен Ырыс Окенова мындан ары «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү эмес

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 

Манасчы Дөөлөт Сыдыков менен режиссер Ырыс Окенова «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын курамынан чыгышты. Бул тууралуу аталган партиянын мүчөсү Эмил Жайчиев билдирди.

«Белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков жана анын жубайы Ырыс Окенова «Бүтүн Кыргызстан» саясый партиясына жарым жыл мурда кошулган, тилекке каршы мындан кийин саясаттан алыс болуп, чыгармачылык менен гана алектене тургандыгын билдиришти. Алар «Бүтүн Кыргызстан» саясый партиясынын курамынан чыгып кетүүгө арызын беришти. Дөөлөт иниме мындан кийин саясат болбосо да ар дайым чыгармачылыкта колдоо көрсөтүп, Кыргызстандын өнүгүүсүнө ар тармактуу салым кошууга биргеликте аракет кылабыз жана жалпы мекендештерди ынтымакка чакырам», — деди ал.

Аргумент.kg