Дональд Трамптын башын алууга 80 миллион доллар сунушталды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Американын президенти Дональд Трамптын башын алууга 80 миллион доллар сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Ирандын мамлекеттик телеканалы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Трамптын башын алуу сунушу бүгүн, маркум Касем Сулейманинин коштошуу зыйнатында айтылган. Анда Иранда жашаган 80 млн калктын ар бири бир доллардан чогултуп, АКШ президенти Дональд Трамптын башын алууга берилээри баса белгиленген.
Ал эми Трамп да дал ушул күнү, журналисттерге жыйын өткөрүп, Ирак АКШ курган авиабаза үчүн акча төлөп бермейинче, америкалык аскерлер бул өлкөдөн чыгарылбасын, курулуш иштерине миллиарддаган доллар жумшалганын, бул акчаны төлөп бермейинче чыкпаарын билдирди. Учурда Иракта 5 миң америкалык аскер кызматкери бар.
Кечээ, 5-январда, Ирактын парламенти чет өлкөлүк аскерлерди өлкөдөн чыгарууга багытталган резолюция кабыл алган. Буга Багдаддагы эл аралык аэропорттун жанында Ирандын таасирдүү генералы Касем Сулейманинин өлтүрүлгөнү негиз болгон. Ал резволюцияга каршы чыккан Трамп Иракка «мурда көрүп көрбөгөндөй» санкция киргизилерин эскерткен.
Эске сала кетсек, 3-январда Ислам революциясынын сакчылар корпусунун эң таасирдүү командирлеринин бири, чет өлкөдөгү атайын операцияларга жооптуу генерал, «Кудс» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани өлтүрүлгөн. Ошол эле күнү АКШнын президенти Дональд Трамп генерал Касем Сулейманини эмнеге өлтүрткөнүн ачык эле айткан. Анын мындай сөзүнөн кийин, Орусиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон тынчсызданып, АКШнын мындай кыймыл-аракети Жакынкы Чыгыштагы абалды кескин курчутуп жибериши ыктымалдыгын билдирген.
Бүгүн, 6-январда, Тегеранда «Кудс» тандалма аскер бөлүгүнүн башчысы Касем Сулеймани менен коштошууга жүз миңдеген киши чогулду. Иш-чарага Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи өзү катышып, дуба кылды. Бир нече шаарда уюштурулган коштошуудан кийин, маркумдун табыты туулган жери Керманга жеткирилип, эртең, 7-январда жерге берилет.
Булак: KyrgyzToday.kg

Аргумент.kg