Доллар кескин төмөндөдү. Дагы канчага түшөт?
29-жалган куран, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваНегизи мындай карап көрсөк кыргыз кызык эле калкпыз. Чөнтөгүбүздө толо, жана сактык кассаларда акчабыз жайнап тургансып, валюталардын курсуна өзгөчө көңүл бурабыз. Өзгөчө дүйнөлүк валюталар кийинки убакта өйдө-ылдый аскаларыбызда жүргөн тоо-текелердей эле секирүүдө. Албетте көбүн валютанын баары эмес, АКШнын доллары кызыктырат. Баарыбызга маалым болгондой Россия менен Украинанын карама-каршылыгы согушка айланып кетти. Айласы кеткен Батыш Россияга каршы өтө катуу экономикалык санкцияларды койгондуктан доллардын куну тез арада ай-чапчып асманга көтөрүлдү.
Валюталардын курсу чоң саясатка байланыштуу экени көбүнө маалым. Жакынкы күндөрү эле Россиянын президенти Путин Европа өлкөлөррүнө сатылчу табигый газдын эсеп-кысабын рубль менен төлөөсүн талап кылды. Жыйынтыгында АКШ доллары бүгүнкү күндө күчүн жогото баштады. Бизде 1 АКШ доллары 110сомго чейин көтөрүлгөн болсо, учурда 85сомго түшкөнүн көрсөк болот.
Эми мындан ары доллардын акыбалы дагы да татаалдашы мүмкүн экенин эксперттер айта баштады. Айрымдары доллар сомго карата 60-70сомго чейин тушуп кетиши мүмкүн экенин да айтышууда.
Булак: Аrgument.kg