Документ бүтүрүүдө акча жыйнаган кызматкерлер колго түштү

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кара-Кулжа райондук калкты каттоо бөлүмүндө системалуу түрдө мыйзамсыз акча талап кылуу фактылары аныкталды.

УКМКдан билдиришкендей, Ош облусунун Кара-Кулжа райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн башкы адиси С.Н.Т. жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча кызматкери М.Т.А. калкты каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн жарандардан төлөмдөрдү системалуу түрдө жүргүзүп турган.

Топтолгон материалдардын негизинде УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 251-беренесинин 1-бөлүмү (Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) боюнча аталган кызматкерлерге кылмыштын негизинде айып тагылган.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган иш боюнча Кара-Кулжа райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн башчысынадагы айып тагылган.

 

Аргумент.kg