Добуш сатып алууга аракет кылган «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкери мандатан четтетилди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Борбордук шайлоо комиссиясы «Бүтун Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештик депутатка талапкер Элиза Дүйшөмбиеваны тизмеден чыгарды. Мындай чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынган.

Буга чейин шайлоого бир күн калганда УКМК «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын катталбаган 8 агитаторуна Дүйшөмбиеванын жолдошу Ырысбек Тойбековдун 40 миң сом өлчөмүндө акча бергени ачыктаган.  Анда ал акча Ысык-Ата районунун жашоочуларынан добуш сатып алууга багытталганы такталган. 

 

Аргумент.kg