Дмитриевка айылындагы атышуудан террорист кармалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Дмитриевка айылында террористти кармоо опреациясы өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 17-майда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери куралдуу террористти кармоо операциясын өткөрүштү.

Аны кармоо учурунда террорист катуу куралдуу каршылык көрсөттү. Бирок, ИИМдин жана УКМКнын атайын багыттагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан куралдуу террорист жок кылынды.

Окуя болгон жерде ИИМдин жана УКМКнын жетекчилери бар. Учурда тергөө ыкчам тобу иштеп жатат. Аталган операция боюнча кошумча маалымат берилет.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg