ДИНДЕН САЯСАТКА! ЧУБАК АЖЫ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО АТТАНАТ…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Аз күн мурда Чубак ажы Жалилов президент Сооронбай Жээнбековго каршы чыккандарды сынга алып, саясый билдирүү тараткан. Дин аалымы түндүк-түштүк ажырымын эске салып, ортодон козуткучтар жаралганына кооптонуп, бир топ олуттуу кептерди айткан эле. Ошого катар эл менен иштөө, чабал пиар кампанияга нааразы болуп, президенттин тегерегиндегилерге, кеңешчилерине ачууланган… Көп өтпөй жогорку төбөлдөргө Чубак ажынын мындай коңгуроосу жагып, аны парламенттик шайлоого аттантууга кызыгып калышыптыр. Артында калың колдоочусу бар Чубак ажы буга чейин деле саясый билдирүүлөрдү жасап келген. “Менден жакшы депутат чыгат. А эмнеге мен шайлоого барбашым керек? Кыргызстандын жараны катары укугум бар” деп да айтып жүргөн. Эми Кудай берет тура. Бирок, таасирдүү молдонун чоң саясатка аттанышы светтик мамлекет үчүн кандай кабылданат? Аягы…-деп Арыба.кж сайты жазып чыккан.

Аргумент.kg