Динара Ашимова ЖКнын социалдык комитетинин төрайымдык кызматынан кетти

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 

Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова Социалдык саясат комитетинин төрайымдык кызматынан кетти. Бул тууралуу анын жазган арызын депутат Нуржигит Кадырбеков парламентте окуду.

Эл өкүлүнүн айтымында, Ашимбаева Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясында КР Жогорку Кеңешинин делегациясынын төрайымы катары жумуштун көлөмүнүн көптүгүнөн өз каалоосу менен кызматтан баш тарткан.

Мындан улам Кадырбеков Социалдык саясат комитетинин төрайымдыгына «Ыйман нуру» фракциясынын мүчөсү Венера Раимбачаеваны сунуштады.

Аргумент.kg