Диктор Чынар Капарова Текебаевдин жубайына каало — тилегин айтты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Журналист, белгилүү диктор Чынар Капарова Манас кинотеатрында өткөн сүрөт көргөзмөдө Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаевага каалоо, тилегин билдирди.
–Мен сизди расмий тааныбайм. Бирок, сиздин кайратыңызга аял катары баа бердим. Бүгүн ачылышка келип гүлүмдү сунуп коеюн дедим. Айым үчүн эң оор, эң жооптуу күндөрдү башыңыздан кечирдиңиз. Сизге терең ыраазычылык. Мен ойлойм мен эле эмес көп эле кыргыз айымдары сизге суктанат.

Сүрөт көргөзмөдө мамлекеттик, саясий ишмер Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдыгына арналып, анын турмуштук, саясий жашоосунан көз ирмемдер чагылдырылган.
Булак: Чындык 

Аргумент.kg