Деректирлер Исаковдун буйругун итче да көрүшкөн жок. Эмне үчүн?

Деректирлер Исаковдун буйругун итче да көрүшкөн жок. Эмне үчүн?

25-тогуздун айы, 2019-ж // //

Макалада абдан туура, таамай баа берилди.
…Кыргызстандын бүтүндөй коомчулугу күткөн буйрук чыкты деп. Бирок, бир жери бар – ал буйрук турмушка ашабы же «тепсендиде» калып жок болобу? Маселе ошондо.
Менин жеке оюмда буйрук ишке ашпай эле тебелендиде калып жок болот. Анткени буйрукту ишке ашыруунун жол-жобосу, «механизм» иштелип чыккан эмес. Буйрук кургак, куру чакырыкка окшоп турат. Акча жыйноонун себептерин, анын жолдорун аныктап анан анын «механизмин» иштеп чыгыш керек. 2006-жылы К. Бакиевдин буйругу, 2009-жылы акча чогултууга каршы Кыргыз өкмөтүнүн токтомдору аткарылбай калгандан кийин министрдин буйругу аткарылмак беле. Сөздүн кыскасы менин сунушум:
1. Мектептерде ар бир класс боюнча ата-энелер комитетин түзүү тууралуу жобону жокко чыгарыш керек. Иттин өлүгү ушул жерде катылган.
2. Жалпы мектеп боюнча курамы 10-15 адамдан турган ата-энелер комитетин түзүп, анын жобосун иштеп чыгуу зарыл. Алардын эң башкы милдети мектептин администрациясынын, мугалимдердин туура эмес аракеттерине же аракетсиздигине байланыштуу түшкөн арыздарды текшерип, заключение чыгарып, тиешелүү органдарга жиберүү. Бир сөз менен айтканда ата-энелер деректирлердин, класс жетекчилердин көзүн карап аларга көз каранды болбостон тескерисинче мектептердин деректирлери, класс жетекчилеринин иш-аракеттери ата-эне комитетинин көзөмөлүндө болуш керек. Мыйзам бийликке эмес, бийлик элге иштеш керек деген принцип ишке ашат.
3. Ооба, туура, мектепке кандайдыр бир деңгээлде материалдык көмөк көрсөтүү зарылчылыгы бар. Ошондуктан ата-энелер комитети бул маселени карап чечсе болот. Мисалы, ар бир ата-эне айына 100 сомдон кем эмес, өз эрки, каалоосу менен көмөк көрсөтсө болот деген. Ал эми мүмкүнчүлүгү, колунда барлар өз ыктыяры менен андан чоң көлөмдөгү жардамын бере берсин. Муну айтып жатканым, неберемдин окуган классына ата-энелердин чогулушуна катышып калдым. Көп маселелер көтөрүлүп, аягында ата-энелер ай сайын мектептин фондусуна 360 сомдон төлөп турушат деген сунуш болуп калды. Эч ким үн каткан жок. Отургандардын улуусу мен экенмин, класс жетекчиге кайрылып,«эжекеси 360 сом кайдан чыкты? Эмне үчүн 100 сом же 560 сом эмес? Бул кимдин расчету? Бухгалтерияныкыбы? Же сиздин эсеп боюнчабы? Кайсы муктаждыктар үчүн» деген суроону узатканда эле, класстын ата-энелер комитетинин төрагасы тура калып, «бул ата-энелердин сунушу, экинчиден өз ыктыярлары менен» деп актана баштады.
Өз ыктыяры менен болсо мен айына 100 сом төлөп тура алам, андан жогоруга шартым жок, экинчиден бул мектепте 3 неберем окушат, алар үчүн айына 360×3=1000 сом төлөй албаймын, макулсузбу десем, анда калыстык болбой калат дейт. Мен айттым, анда азыркы кырдаал калыстык эмес, теңдемчилик “уравниловка” деп коет, өз ыктыяры менен болгондо баары бирдей төлөш керек деген принцип карманып жатпайбы? Мектепте 1500 окуучу окуса, алардын бери дегенде 200-300 бала акча төлөөдөн бошотулса, таптакыр мүмкүнчүлүгү жок 1200 бала айына 360 сомдон, бир айга бир бала үчүн, ал эми баарына (1200×360 сом) 4 млн 360 миң сом. Эмне деген акча. Анан деректиклер көппөгөндө ким көбөт. Эми 800-900 сомдон айына бир баладан акча чогулткан мектептер Бишкекте ондоп саналат. Эй капырлар, ата-энелердин убалынан корксоңор боло.
4. Акчаны класс жетекчи же ата-энелер комитетинин төрайымы же төрагасы, макалада алардын жүзү абдан туура ачылган,«эки жүздүү»,«кошоматчы» ата-энелердин кызыкчылыгын эмес, деректир менен класс жетекчисинин камчысын чапкан, абийирсиздер жыйнабашы керек. Ал үчүн банкка атайын счет ачып коюу жетиштүү. Ал эми ал счетко кайсы ата-эне канча төлөдү же төлөбөдү деген маалымат мектептин бухгалтериясына, деректирлерге да берилбей, купуя болушу абзел. Администрация, бухгалтерия бет эсебине түшкөн каражатты зарылчылыгына жараша жумшалганын гана билсин. Ошондо да бухгалтерия кайсыл муктаждыктарга жумшала тургандыгын жана канча каражат керектигин сметасын түзүп ата-энелер комитетине өтүнүч менен кайрылат. Комитет кылдат текшерип, чечим чыгарып берет. Ал кимден канча акча түшкөндүгүн билүүгө акысы да, укугу да жок болуш керек. Ошондо иттин өлүгү ачыкка чыгып, деректирдин «мен жасаган жокмун, биз талап кылууга акыбыз жок, ата-энелер өздөрү чечип жатат» деген актануусу «бокко» да татыбай калат. Кылмыш жоопкерчилигине тартуунун жолу ачылат.
5. Мектептерде түзүлгөн ата-энелер комитетинин бир мүчөсү 2-3 класска куратор болуп бекитилсе, анан ошол класстагы абалга, окуунун сапатына, мугалимдердин балдарга жасаган мамилесине, ата-энелердин акча каражатынын түшүшүнө ж.б. көзөмөл жүргүзүп турганда гана ата-энелер комитетинин ролу, орду болот. Мындайча айтканда ата-энелер деректирдин оозун карабай, деректир ата-энелер комитетинин көзөмөлүндө болот.
Жолдош министр, өзүңүз тууралуу жакшы пикирлер айтылып жатат. Алар кургак болбош үчүн ачык-айкын реформа жасаңыз.
Сиздин министрликте, Бишкектин мэриясында ушундай чараларды сунуштай турган адистер жок дейсизби? Бар. Толтура. Бирок алар да пенде да, деректирлердин кайырмагына илинип алышкан. Конкреттүү сунуштарды бере алышпайт. Ошолордун куйругун катуу кысып, жогорудагы мен айткан сунуштардан башка дагы кандай механизмдери бар тапкыла, сунуш бергиле деп талап кылсаңыз, иш ордунан жылат. Буйрук аткарылат. Болбосо куру чакырык. Антпесе мектептер билим берүүнүн булагы эмес эле, акча жыйноонун, шаан-шөкөттүн куралы болуп калды.
Булак: Жаңы-Ордо