Депутаттын иниси Семетей Козуев 19-апрелде кармалып, 5 миллион доллар “кустубу”?

Депутаттын иниси Семетей Козуев 19-апрелде кармалып, 5 миллион доллар “кустубу”?

10-бугу, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Парламентте Алишер Козуев элге күйүмүш эткендей сүйлөп калат. Коомчулукка жакшы көрүнүүгө жанталашып, бирок чыныгы жүзү таптакыр башка беле? Бизге жеткен маалымат боюнча “Алишерге караштуу” делген, бирок бир тууган иниси Семетей Козуев тизгиндеп турган “Россия Нефть” компаниясы салык төлөбөй күйүүчү майларды ташып келгени ачыкталып, УКМК тарабынан 19-апрелде кармалып, кайра ошол эле күнү бошотулганбы? 5 миллион доллар “кусуп” берүүнү моюнга алганбы? Бул ишке Алишер Козуевдин суранычы менен Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев аралашып, Семетей Козуевди куткарып алышканбы? Контрабанда жолу аркылуу ири көлөмдө күйүүчү майларды бир канча жылдап сатып келишсе, жеке басар катары байышса, анан оңой-олтоң кутулуп кете беришеби?

«Азия Ньюс» гезити