«Депутаттар тарабай турсаңар, кантип кетерибизди талкуулап алалы» дейт Кожобек Рыспаев

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кечээ 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кожобек Рыспаев депутаттарды жыйындын соңунда тарабай турууга чакырды.

«Добуш берүү бүткөндөн кийин тарабай туралы. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын дагы мөөнөтү аяктап баратат. Кандай иштедик, эмне кылдык? Жабык эшик артында кантип кетерибизди талкуулап алсак. Жумушубузду кантип бүтүрөбүз талкуулайлы», — дейт Рыспаев.

Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева депутаттарды кетпей турууга чакырды.

Аргумент.kg