Депутаттар өспүрүм кыздарды зордуктагандарды химиялык бычууну сунушташууда
15-чын куран, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваПарламент педофилдерди химиялык кастрациялоо боюнча мыйзам долбооруна кайтып келүүнү сунуштоодо. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев демилге көтөрдү.
Ал белгилегендей, балдарга карата зомбулук көрсөтүү иштери уланып жатат.
«Бешинчи чакырылыштын депутаттары 2013-жылы химиялык кастрация боюнча мыйзам долбоорун сунушташкан, бирок кийин президент аны колдогон эмес. Албетте, буга Конституция жол бербейт. Бирок биз эми ушул мыйзам долбооруна кайрылып барышыбыз керек. 9-апрелде Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында ушундай окуя болгон. Жети жаштагы кызды 26 жаштагы жигит зордуктаган. Мындай мыйзам долбоорун кабыл алалы. Мындай мыйзам долбоорун кабыл алган Казакстандын мисалын көрө аласыз », — деди ал.
Булак:argument.kg