Депутат:Ээнбаш, ичи арам блогерлерди тартипке келтириш керек

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Айрым блогерлер аша чаап ,чектен чыгууда .Бул тууралуу депутат Балбак Түлөбаев бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында  билдирди.

Жогорку Кеңеште ,эл өкүлү блогерлердин укугун , ЖМКдан бөлүп, аларга өзүнчө жоопкерчилик киргизүүнү сунуштады.

«Президентти баш кылып көрүнгөндү жамандап келген, анан минтип бүгүн пара менен кармалды. Милицияны блогерлер алып барып текшертип жатат. Бул эмне деген жакшылык, кандай кылабыз? Баарын дебейин, айрымдары мамлекеттик органдарга кирип алып «мен блогермин» деп ит-акмагын чыгарып, иштетпей жатат. Өкмөт менен бир чечимге келишибиз керек. Убакыт келди, ээнбаш, ичи арам блогерлерди бөлүп, бир тартипке келтиришибиз зарыл», — деди депутат.

Булак:Аргумент кж 

Аргумент.kg