Депутат Зиядин Жамалдинов карантинден эмнеге качып кетти?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештин депутаты, (Өнүгүү прогресс фракциясы) Зиядин Жамалдиновду карантинге алынгандан кийин эле таппай калышкан.  Мындай маалыматты бизге ишенимдүү булактар маалымдашты. Ал эми депутат бул жөнүндө төмөнкүдөй пикир билдирди:
“Менин кайда барып келгенимди жазбай эле койгулачы эми. Ооба, карантинде жатам. И, жок жаткан жокмун. Ким айтты силерге мени карантинде деп. Андай эмес сыртта, үйдө эле мыйзамды сактап олтурам. Кайдагыны угуп аласыңар да”-деди.
Эскерте кетсек, Зиядин Жамалдинов Москвадан кайтып, “Ак Кеме”мейманканасына обсервацияга жаткырылган-деп КоомПресс билдирди.

Аргумент.kg