Депутат Жумалиев өзүнө 34, туугандарына 61 компания катталганын айтты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев «Таатан», «Гоин» жана эл аралык медициналык университеттин ага эч кандай тиешеси жок экенин журналисттерге билдирди.

4-октябрда финполициянын кызматкерлери депутатка таандык делген жогорудагы жайларды текшерген болчу.

«Таатандын» мага эч кандай тиешеси жок. Эл аралык медициналык университет деп жатат, ага эч кандай тиешем жок. «Гоинге» башында мен баргам. Бүгүнкү күнү ал толугу менен башка компанияга өтүп кеткен. Албетте текшергенге алардын [Финполиция] укугу бар, бирок шоу кылганы мыйзамсыз деп эсептейм», — деди ал.

Жумалиев ошондой эле, тийиштүү органдын өкүлдөрү анын туугандарына таандык имараттарга беткап жана курал-жарак көтөрүп алып барганын сынга алды.

«Эмне алар террорист беле, же болбосо биз качып кете турган же киргизбей коё турган адамдар белек. Жөн эле чакырып сүйлөшсө болмок. Ошондуктан бул жерде Сыймык Жапыкеев өзүнүн түздөн-түз кызмат абалынан пайдаланып жатат», — деди ал.

Финполдун учурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев «Чоң Казат» партиясынын лидери болуп турганда эле депутатты мыйзамсыз байыган деп айыптап чыккан. Кийин Жумалиевге карата бир катар иштер ачылып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган. Башкы прокуратура Жазык кодексинин «Мыйзамсыз баюу» жана «Кызмат адамынын ишкердикке мыйзамсыз катышуусу» беренелери менен КЖБРге каттоого алган. Мындан тышкары, финпол Жумалиевдин үйүндө тинтүү жүргүзгөн.

Анткен менен Жумалиев ага коюлуп жаткан бардык айыптоолорду четке кагып келет.

«Биз мыйзамдуу мамлекетте жашап жатабызбы, же аборигендердин деңгээлиндеги мамлекетте жашап жатабызбы? Ошондуктан Жапыкеевди кызмат абалынан пайдаланып жатат деп мыйзам чегинде арыз жазам», — деди ал.

Эл өкүлү мыйзамсыз баюуга барбаганын жана коррупциялык иштерге эч качан катышпаганын айтууда. Ал өзүн илимпоз жана мыйзамды сыйлаган адам катары сыпаттайт. Андыктан бардык тапкан байлыгына өз эмгеги менен жеткенин белгиледи.

«2005-жылы жумуштан кеткенден [ал вице-премьер-министр, биринчи вице-премьер жана транспорт министри болуп иштеген] кийин бир гана үйүм бар болчу, Аламүдүн районунан эки жер тилкесин алгам, ал учурда 20-30 миң сом эле турчу», — деди ал.

Андан сырткары аялы Роза Аманованын дагы эки жер тилкеси бар экенин айтып, ал жерлерге балдары үчүн керектүү нерселерди жасап, аларга бергенин кошумчалады. Ал эми 2005-2017-жылдары бизнес менен алектенгенин белгиледи.

Жумалиевдин наамына катталган 34 компания

Кубанычбек Жумалиев ушул кезге чейин анын наамына 34 компания катталганын, учурда анын 9у гана калып, калганы жабылганын айтты. 9 компаниянын экөө коомдук фонд, үчөө билим берүү мекемеси, төртөө болсо бүгүнкү күндө иштеп жатат. Жумалиев ал депутат болуп келгенде бул компанияларды башкаларга ишеним менен өткөрүп бергенин айтып ишендирди.

Ал ошондой эле анын атына катталган 34 компаниянын 90 пайызы бир күн дагы каржы-чарбалык иштерди алып барган эместигин айтты. Жумалиев ачылган компанияларды жабуу кыйынга тургандыктан алар ушул кезге чейин жабылбай келгенин билдирди.

«Жабууга келгенде эле кыйын, 50дөй банктан маалымат кат алуу керек экен. Ошондуктан убагында жабылбай калган. Бүгүн Юстиция министрлигинин сайтына кирсеңиздер Жумалиев ошолордун бардыгынын уставынан чыккан, же жабылган деп турат», — деди ал.

Туугандарына таандык 61 компания

Жумалиев тийиштүү органдар анын туугандарына таандык 61 компанияны текшергенин айтты. Ошолордун ичинен бир компания гана ири суммадагы салыгын төлөгөн эмес.

«61 компаниянын бир эле компаниясында 274 миң сом төлөнбөгөн салыгы бар экен, ошону төлөп беришти. Калган компаниялардан чыккан жок. Туугандардын ошол 61 компаниясынын 15тейи эле калды. Алардын арсында дагы дээрлик көбү жабылуу алдында турат», — деди ал.

Депутат андан сырткары компаниялардын 80 пайызы иш баштайбыз деп эле ачылып кийин жабылбай калган. Себеби келген инвесторлор бул жактагы абалды көргөндөн кийин кетип калышкан.

Жапыкеев менен тааныштыгы тууралуу

Жумалиев Сыймык Жапыкеев менен эч кандай катышы жок экенин айтты.

«Экөөбүз эч качан талаш-тартышка түшкөн эмеспиз. Бири-бирибизди тааныбайбыз. Башка бирөөлөр “ушуну айтсаң, ушундан баштасак болот” деп маалымат берип анан тигил да ошонун артынан түшүп алды окшойт», — деди ал.

Финполиция буга чейин Кубанычбек Жумалиевге Кыргызстандын аймагынан сыртка чыгууга тыюу салынганын билдирген. Анткени Жумалиевдин Башкы прокуратура каттоого алган мүлкү боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери аягына чыга элек.

Клооп.кж

Аргумент.kg