«Балага сүйүнчү» жөлөк пулунун өлчөмүн ар бир төрөлгөн балага 4 миң сомдон 50 миң сомго чейин көтөрсө жакшы болмок, деп билдирди депутат Надира Нарматова Жогорку Кеңештин жыйынында.
Анын айтымында, жөлөк пулдун көбөйүшү кыргызстандык кыз-келиндердин төрөшүнө түрткү болмок.
«Бул Кыргызстандын калкынын көбөйүшүнө өбөлгө болмок. Бир, эки, үч төрөгөн аялдардын ден соолугу бирдей. Бул үйдө отуруп бала багып жаткандарга шарт түзмөк», — деди депутат.
Бул өкмөттүн мүмкүнчүлүктөрүнө жараша болорун эмгек министри Кудайберген Базарбаев билдирди.