Депутат Жаныбек Абиров мандатынан  ажырашы мүмкүн

Депутат Жаныбек Абиров мандатынан ажырашы мүмкүн

13-жалган куран, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Учурда кыргыз коомчулугу ЖКнын депутаты Жаныбек Абировдун Бишкектеги кафелердин биринде жан жөкөрлөрү менен бир карапайым адамды ур-токмокко алып сабап салгандыгын кеңири талкуулап жатат. Эмнеге мыйзам чыгаруу бийликтин өкүлү ушундай мыкаачылык кадамга барды?. Бийлик адамынын этикети  эмне үчүн сакталган жок. Айтор, коюлчу суроолор абдан арбын. Эң эле негизгиси Абировго окшогон чоң муштумдар кантип депутат болуп кетишет. Биз шайлоочулар  канткенде  мыктынын мыктысын депутат кыла алабыз? Бул окуя аягына чыга элек. Укук коргоо органдарынын бул окуяга аракети кандай болот?

Булак: Аргумент.кж