
Депутат Замирбек Мамасадыков элдин көйгөйү менен жеринен таанышты
03-чын куран, 2023-ж // Саясат // Айпери ОсмоналиеваЖогорку Кеңештин депутаты Замирбек Мамасадыков Ноокен районуна караштуу Бүргөндү, Достук айыл аймактарынын, Аксы районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагынын жана Таш-Көмүр шаарына караштуу Теңдик, Кызыл-Алма, Кудук-Сай айылдарынын жана Шамалды-Сай шаарчасына барып жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Көйгөйүн жогору жакка жеткире албаган карапайым калктын суроо-талабын жеринен угуп, алардын чечилбей келген маселелери боюнча тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчиликтерине тапшырды. Жазгы талаа иштери башталгандыгына байланыштуу айыл тургундары сугат сууну кечиктирбей эрте чыгарып берүүнү, жеңилдетилген насыя берүүнү, арзан баада жер семирткич менен камсыздоону өтүнүштү.
Эскерте кетсек Замирбек Мамасадыков “Ыйман Нуру” фракциясынан шайланган.
Булак: argument.kg