Депутат Улан Бакасов пара катары 100 миң долларды кимге берет?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Борбор шаарыбыздын Биринчи май РИБинин да кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги Дастандын массаждык салонлорду калкалап жүрүп алардан 500-миң АКШ долларынан пара алып жүргөнүн УКМКа аныктап камакка алган. Анын үйүн тинтүүгө келгенде элиталык квартиралардын документтери , 40 миң долларлык саат жана көп суммадагы акча табылган . Райондук милицианын бөлүм жетекчсинде ушундай байлык болсо  анын жетекчилеринде кандай болду экен? Учурда ушул окуяга байланыштуу айрым сайттар жана социалдык түйүндөр ушул ишке байланыштуу дагы бир фактыны кайра-кайра жазып жатышат. Дастандын өкүл атасы ЖКнын депутаты Улан Бакасов аны чыгарып алууга белсене киришип, керек болсо 100 миң АКШ долларын пара катары берсе да Дастанды камактан чыгарып алууга киришип жатабы? Айтор бул жерде суроолор көп.

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg