Эл үчүн саналуу гана депутаттар эмгек кылышканы белгилүү. Алардын көч башында сыймыктуу уулубуз Азизбек Турсунбаев турат. Ала-Бука, Чаткал бир мандаттуу округунан шайланган эл өкүлүбүз жайы менен шайлоочуларына байма-бай каттап, тийешелүү милдеттерин так аткарып, социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү менен алектенүүдө. Бул жагынан жердештери ыраазы. Келечекке карай ийгиликтүү чоң долбоорлор башталууда. Айтмакчы, Азиз мырзанын чет өлкөдөгү достору, ири бизнесмендер Кыргызстанга инвестиция кылууга кызыкдар. Депутатыбыз эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бирок, бир өкүнүчтүү жагдай бар. Мекенибиздеги ички тартип, коопсуздук, кепилдик жагы анчейин ишенимдүү болбой, сырткы инвесторлорду чочутуп жатканы жашыруун эмес. Жапайычылык, алып-жулмай өкүмзордуктарды бийлик тескей алабы? Же “Жунгли закону” менен жашай беребизби? Какшап эле келебиз, оңолсок эй!
«Азия Ньюс» гезити