Депутат: Тажикстан агрессиясын уланта берсе, Путиндин бетине түкүрүү дегенди түшүндүрөт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда тутанып жаткан өрт бүтүндөй Борбор Азияны күйгүзөт» ,- деди депутат Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында.

Депутат Борбор Азия мамлекеттеринин жетекчилерине кайрылды.

«Бул жаңжал бизде эле калбайт, Борбор Азиядагы стабилдүүлүк Кыргызстан менен Тажикстандан башталат. Баарыбыз күйүп кетебиз. Жаңжалды жөн эле карап отурган болбойт. Жакында Борбор Азиядагы стабилдүүлүк үчүн деп Путин аларга орден берген. Эгер тажик тарап агрессиясын уланта берсе, анда бул Путиндин жүзүнө түкүргүдөй болот»,-деди депутат.

Эске салсак, бир күн мурун Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек ара кызматы Тажикстандын чек ара аскерлери маалыматты атайылап бурмалап, элди дүрбөлөңгө салууга аракет кылып жатканын билдирген. Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы тажик тарап Тажикстандын чек арага жакын аймактарына өздүк курамды жана техниканы алып келүү менен алектенип жатканын да жазып чыккан.

Аргумент.kg