Депутат Талиева: Дем алыш күндөрү да депутаттардын артынан саксаңдап жүгүргөндөр көбөйдү

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Депутат Камила Талиева көрүнгөн маселелерди кыска убакытта парламентке киргизе калып, кабыл алдырууну токтотууга чакырды. Мындай пикирин эл өкүлү парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, акча маселеси менен келип, сурамжылоо жолу менен деп дем алыш күндөрү да депутаттардын артынан саксаңдап жүгүргөндөр көбөйдү.

– Сурамжылоо жолу менен деп чуркаганды токтотолу. Менин артымдан келбегиле. Мен расмий айтып коеюн «опросный путем» деп келгендердин бирине да кол койбойм. Башка депутаттар кол коюп берип жатасыңар, бирок мен кол койбойм. Бүгүн он маселе карлууда. Ар бир маселе кенен талкууланып чечилиши керек, – деди ал.

Депутат өкмөттүн өкүлүнө кайрылып, карала турган материалдардын баарын парламентке алдын ала алып келүүнү талап кылды.

Талиева маселелердин баарын бирден карап өткөрүү керектигин айтып, комитеттен оңой өткөрүүгө аракеттер көрүлүп жатканын сынга алды.

Аргумент.kg