Депутат Суусамырда сууга чөгүп каза болду
14-бугу, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваДепутат Суусамырда сууга чөгүп каза болду. Туугандары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин аракетсиз деп айыптоодо
Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айылынын депутаты Бакир Исаков Суусамырда ӨКМ кызматкерлеринин көзүнчө дарыяга чөгүп кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын эжеси Назима Исакова билдирди.
Анын айтымында, Бакир Исаков Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери менен биргеликте Суусамырдагы аралда тыгылып калган атын чыгарып кетмек болгон.
«Кайык оодарылып, алар сууга кулап кетишкен. Көрсө, иним ӨКМдин кызматкерин жээкке түртүп, өзүнүн арканы суу астында үзүлүп кетип, агып кеткен. Куткаруучулар өздөрүнүн кесиптешин гана эмес, агабызды да сактап калуу үчүн чара көрүшү керек эле деп ойлойбуз. Үчүнчү күндөн бери аны таба алышпайт. Бизге 23 куткаруучу тартылганын айтышты, бирок биз эки кайык менен төртөөнү гана көрдүк. Калган издегендердин баары биздин эл», — деди Назима Исакова.