Депутат Спорт сарайын сатууну сунуш кылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Парламент депутаты Кубанычбек Нурматов Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайын сатууну сунуш кылууда. Анын жүйөсү боюнча спорт сарайынын эскилиги жетип, ар кандай иш-чара өткөрүүгө шарты туура келбей калды. Депутаттын айтымында, борбордук футбол стадионунун ордуна жаңы спорт сарайы салынышы керек. Ал эми футболдук стадионду шаардын чекесине чыгарган оң.

— Азыр спорт сарайында ыр кече, спорттук иш-чара, жармаңке аралашып эле өтүп жатат. Жаңы спорт сарайын салып, азыркысын сатып же башка имарат кылыш керек, — деди ал.

1976-жылдары курулуп бүткөн Кожомкул атындагы спорт ордосу 2014-жылдары оңдолуп-түздөлгөн. Учурда имараттын аянты эки гектарга жакын, чоң залында спорттун бардык түрү боюнча мелдештер, концерттик программалар жана ар кандай коомдук иш-чаралар өтөт. Залга үч миңге жакын көрүүчү батат.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg