Депутат: Соцфонд каза болгон жарандын пенсиясын жеп коёт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Пенсия курагына жетпей каза болгон жарандын акчасын толугу менен мураскерлерине калтыруу зарыл. Мындай пикирин депутат Сүйүн Өмүрзаков бүгүн, 7-декабрда парламент жыйынында билдирди.

«Кайсы бир жаран мамлекеттик кызматта иштеп, соцфондго акча төлөп, бирок пенсия курагына келгенде каза болуп калса, анын пенсиясы эмне болот?», — деди депутат.

Буга Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев соцфондго төлөнгөн 10 пайыз сумманын 2 пайызы гана мураскерлерине берилет деп жооп берди.

«Андан тышкары эгер күйөөсү каза болуп калып, аялынын пенсиясы күйөөсүнүкүнөн аз болсо, анда ал маркумдун пенсиясына өтүп алса болот. Калган учурда бардык сумма пенсиондук фондго кетет», — деди Алиев.

Буга депутат Өмүрзаков наарызы болуп, бардык сумма мураскерлерине калыш керектигин билдирди.

«Жаран өмүр бою иштеп, маңдай тери менен тапкан ошол 10% пайызын эмнеге соцфонд алып коюш керек? Силер ал акчаларды айлантып пайда көрүп жатасыздар. Мыйзам долбоорун өзгөртүш керек», — деди депутат.

Бул маселени кийинки жылы карайбыз деп убадалады Алиев.

Аргумент.kg