Депутат Сабиров токолун таштап, Америкадагы байбичесине учуп кетти

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

24-февраль күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында «Республика-Ата- Журт» фракциясынын депутаты мандатын тапшырды. Эч бир саясий маселе эмес, жаштарга орун берүү максатын көздөгөнүн айтты. — Максат мырза, бүгүнкү жыйында өзүңдүн депутаттык мандатыңды тапшырдың. Себеби барбы? — Бул жерде эч бир саясий матив жок. Болгону артыбызда өсүп келе жаткан жаштарга орун берүүнү ойлодум. Акыл деген Тоңдук жигитке тапшырып бердим. Бир канча жылдар бою эл өкүлү болуп иштедик. Эл үчүн ак кызматымды кылдым. Эми жаштар иштесин. — Мындан кийинки саясий карьераң кандай болмокчу? Келе жаткан парламенттик шайлоого барасыңбы? Азырынча карьера жана парламенттик шайлоо жөнүндө ойлонгон жокмун. Анын баарын убакыт көрсөтөт. Март айы толугу менен Америкадагы балдарыма барып, эс алып келүүгө камынып, 25-февралга билет алып койгом. Аманчылык болсо марттын аягы менен мекениме кайтып келем. — «Балдарым» дегениңе караганда, канчоосу Америкада? — Биринчи байбичемден эки уул, эки кыз жана жети неберем ошол жакта, Калифорния, Филадельфия, Майамиде. — Бул жагы түшүнүктүү болду. Ошентсе да депутаттык мандатты тапшыраардан мурда Конституция парламентке келген эле. Кандайдыр бир оркойгон катачылык же силердин «Республика — Ата-Журт» фракциясынын сунуштары эске алыныптырбы? — Негизи биздин фракция сунуштарыбызды бергенбиз. «Прокуратураны, БШКны жана эсептөө палатасын парламент шайласын, тең укуктуулук болсун» деп. Ошолордун ичинен БШКны, эсептөө палатасын колдошту да, прокуратураны президент шайламай болду. Бул жагы бир аз туура эмес болуп капгансыды… Азия ньюс гезити

Аргумент.kg