Депутат: «Орусиядагы кыргызстандык мигранттар армияга чакырыла баштады»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Орусиядагы кыргызстандык мигранттар армияга чакырыла баштады. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда, депутат Алишер Козуев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандыктарга аскер комиссариатына чакыруу кагазы келген эки учур катталган.

«Биздин жарандарга да чакыруу кагаздары келе баштады. Эки факты катталган. Кыргыз Республикасынын Москвадагы элчисине юристтердин штатын кеңейтип, өз убагында иштерди жүргүзүүнү тапшыруу керек – диаспора лидерлерин тартуу менен мигранттар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө болот», — деди Алишер Козуев.

Эске салсак, жарым-жартылай мобилизация президент Владимир Путиндин жарлыгы менен 21-сентябрдан бери жүргүзүлүүдө. Кремль Коргоо министрлиги жарыялаган 300 миңдин ордуна 1,2 миллион россиялыкты мобилизациялоо пландары тууралуу жалган маалымат деп атады.Мобилизацияга байланыштуу күзгү чакыруу бир айга жылдырылды, ал 1-ноябрда башталат.

Аргумент.kg