Депутат: Өкмөттүн чөнтөгү тешик, эч кандай резерв жок

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Министрлер кабинети Баткен облусуна 3 миллиард сом бөлүнөрүн жарыялады, бирок бул акча азырынча жок. Бул тууралуу депутат Адахан Мадумаров бүгүн, 31-октябрда Эл аралык иштер боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

Бүгүнкү күндө комитет Азия өнүктүрүү банкынан каражат алуу боюнча макулдашууну карап жатат. 50 миллион доллар — 25 миллион доллар грант катары жана 25 миллион доллар насыя катары алынышы күтүлүүдө. Сом менен алганда 4,2 миллиард сомго жакын болот.

Депутат Адахан Мадумаров бул каражаттар кандай жумшаларын тактап берүүнү суранды.

Каржы министринин орун басары Руслан Татиковдун айтымында, Бала-Саруу ГЭСинин курулушуна 1 миллиард 300 миллион сомго жакын, Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө 3 миллиард сомго жакын каражат каралат.

Мадумаров мындай учурда бийликтегилер маалыматты бурмалап, Баткен районунун тургундарын адаштыруу менен али жок акчаларды убада кылып жатканын айтты.

«Акылбек Жапаров 3 миллиард бөлүнгөнүн кантип жар салды, али жок болсо? Эрдик да ченеми менен болуш керек. Министрлер кабинети чыныгы пиарчы. 3 миллиардга жакын сумма бөлүндү деп Акылбек Жапаров билдирди. Бирок, ал азыр бул жоопкерчиликти депутаттарга оодарып койду. Эми депутаттар бул келишимди колдобой, карызга албас принцибинде бекем турса эмне болот?» — деди депутат.

Татиков Баткен облусун калыбына келтирүү үчүн резервдик фонддон 3 миллиард сом каралганын айтты. Донорлордун каражаттары келгенден кийин бул резерв кайрадан толукталат.

Мадумаров бул резервдик каражаттардын көлөмүн тактап берүүнү суранды. Аткаминер дароо жооп бере албай, кат түрүндө жооп жөнөтүүнү убада кылды.

“Силердин эч кандай резервиңер жок, чөнтөгүңөр тешик, убадалгандын баары куру сөз”, — деп жыйынтыктады Мадумаров.

Аргумент.kg