Депутат: Өкмөт «кайф» кармап жүрөт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Депутат Акбөкөн Таштанбеков министрлер кабинетин ичкенди жакшы көргөн досу менен салыштырды.

Жогорку Кеңештин 3-майдагы жыйынында мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзам долбоору каралып жаткан учурда депутат айлык алганда ичимдик ичип, анан жолдо келе жатып баарына акча тарата берген таанышы тууралуу айтып өттү.

«Министрлер кабинети деле ошондой, «кайф» кармап жүрөт. Адегенде акча чогултат, анан тендерде чачып жатат. Мамлекеттик сатып алууларды кайтарыш керек, болбосо миллиарддарды уурдап кетишет. Биз баарын дүңүнөн сатып алабыз. Эмне үчүн биз муну ортомчулар аркылуу жасап жатабыз?», — деди Таштанбеков.

Финансы министринин орун басары Улугбек Календеров министрлер кабинетинде борборлоштурулган сатып алууларды киргизүү маселеси каралып жатканын айтты.

Аргумент.kg