Депутат Надира Нарматованын уулу кармалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ош облусунда Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын уулу кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып жазды.

Маалым болгондой, А.Н. Бажы тариздөө тобунун башкы инспектору болуп иштеген.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, А.Н. УКМК тарабынан кармалып, Бишкекке алынып келинди. Борбор калаанын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал 22-майга чейин камакка алынды. Маалыматка караганда, депутаттын уулу мурда бажы кызматкерлери кармалган коррупциялык иш боюнча айыпталууда», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин УКМКнын басма сөз борбору Кытайдан аткезчилик жол менен товар алып келген деген шек менен бажычылар менен ишкерлердин кармалганын билдирген. Алар мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген. Кармалгандардын арасында жогорку кызматтагы адамдардын жакындары да бар. Кийинчерээк УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кармалгандардын арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин жездеси бар экенин тастыктаган.

Аргумент.kg