Депутат массалык камоолор тууралуу: Кезек эми эркин маалымат каражаттарында

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы болгон активисттер менен саясатчылардан кийин, кезек көз карандысыз маалымат каражаттарына жетет, деп эсептейт депутат Дастан Бекешев.

Ал өзүнүн Telegram-каналында 25-октябрга караган түнү соттор активдүү жарандарга жана саясатчыларга карата бөгөт коюу чарасын тандап жатканын эске салды.

«Мен алардын баары менен эле саясий көз караштарым бир эмес, бирок бул соттук териштирүүдө мени тынчсыздандырганы – соттун таң атканча отуруп, жашы бир топко барып калган аялдарга карата баш коргоо чарасын тандап алганы. Мисалы, Асия Сасыкбаева 71 жашта, Гүлнара Журабаева 63 жашта.

Менин оюмча, албетте, чечимди сот өзү чыгарган жок, жогору жактан чечилип анан сотко тапшырылды. Бул мени абдан тынчсыздандырууда. Мындан ары биздин өлкөдө эмне болот? Эми эркин маалымат каражаттарына сөзсүз киришет деп ишенем. Баарын убакыт көрсөтөт», — деп белгиледи Бекешев.

Эскерте кетсек, 23-октябрда массалык камакка алуулар башталган. 21 адам Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун райондорунун ички иштер башкы башкармалыгынын УККсына киргизилди. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канат Исаев дагы борбор калаанын СИЗО-1 абагына бир айга камакка алынды. Алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң активисттер менен саясатчыларды камакка алуу боюнча токтомдор чыгарылган.

Кеңешбек Дүйшөбаев, Эрлан Бекчороев, Айданбек Акматов, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Атай Бейшенбек, Клара Сооронкулова, Азимбек Бекназаров, Айбек Бузурманкулов, Жеңиш Молдокматов, Бектур Асанов, Нурлан Асанбаев, Гүлнара Журабаева, Равшан Жээнбеков, Таалай Мадеминов, Улугбек Маматаев, Перизат Суранова, Чыңгыз Капар, Али Шабдан уулу, Талант Эшалиев, Кубанычбек Кадыров 48 саатка камакка алынышкан.

24-октябрдан 25-октябрга карган түнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту массалык баш аламандыктарды уюштурган жана бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелген саясатчылар менен активисттерге карата баш коргоо чарасын карады.

Саясатчы Азимбек Бекназаров 23-декабрга чейин камакта калды.

Ошондой эле, саясатчы Равшан Жээнбеков, мурдагы депутат Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активист Али Шабдан, саясат талдоочу, активист Таалайбек Мадеминов, журналист Айданбек Акматов жана активист Чыңгыз Капаров, Эрлан Бекчоро уулу, Перизат Суранова менен Улукбек Маматаев 20-декабрга чейин камакта калтырылды.

Активист Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.

Ал эми, бүгүн сот блогер Атай Бейшенбек менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевдин баш коргоо чарасын карайт.

Белгилей кетсек, Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети 22-октябрда түзүлүп, анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде, Кемпир-Абаддагы митингдердин, жөө жүрүштөрдүн артында кимдер турганы боюнча бийликте маалымат бар экенин билдирген.

Аргумент.kg